• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия оюндарында 2 медаль тагынган ОшМУнун студентине акчалай каражат тапшырылып, контракт төлөөдөн бошотулду

Аймак 0

Ош, 03.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. 2-октябрда ОшМУнун жалпы жамааты студенттер менен биргеликте Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында 2 медаль багындырган студент Алтынай Мамарасул кызыны салтанаттуу тосуп алышты.

Окуу жайдын ректору Каныбек Исаков өз сөзүндө, ОшМУнун студенти менен сыймыктана тургандыгын айтып, Алтынайдан кызды чоңойтуп өстүргөн ата-энеси ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ректор К.Исаков жалпы ОшМУнун жамаатынын атынан 25 миң сом акчалай каражат тапшырды. Ошондой эле педагогика жана дене тарбия факультетинде билим алган Алтынай Мамарасул кызы окууга бир жылдык контракт төлөөдөн бошотулду.

А.Мамарасул кызы өз кезегинде ОшМУнун жамаатына ыраазычылык билдирип, келечекте дагы Кыргызстандын желегин эл аралык мелдештерде көтөрүү үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын айтты.

Эске сала кетсек, Ашхабадда өткөн Азия оюндарында А.Мамрасул кызы аялдар арасында алыш күрөшү боюнча эки медаль – алтын жана күмүш багындырган.

Пикир

Оставить комментарий