• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азирети муфтий Франция ТИМинин дин иштери боюнча кеӊешчиси М.Дюмолин менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Франция мамлекетинин тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин дин иштери боюнча кеӊешчиси Мари Дюмолин айым менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргызстандагы дин эркиндиги жана дин маселелери, экстремизм, терроризмдин алдын алуудагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча пикир алышты.

Ал эми Азирети муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштерден кабар берип, өлкө боюнча мектепдерде, ЖОЖдордо жана коомдук жайларда дин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, бул иштер пландуу түрдө мындан ары дагы улантыларын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий