• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азыр жаштар аскерге аң-сезимдүүлүк менен барууда — Нурбек Танабаев

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Азыр жаштар аскерге аң-сезимдүүлүк менен барышууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник Нурбек Танабаев билдирди.

Анын айтымында, жыл өткөн сайын аскерге чакырылуучулар көбөйүп, жогорку билимдүүлөр аскер комиссариаттарына өздөрү келишүүдө.

«1990-2000-жылдары аскер комиссариаттары аскерге баруучуларды издеп таба алышчу эмес, азыр андай эмес. Ошондой эле азыр чакырылуучулардын ден соолугу жакшырды, жаштар арасында оорулар азыраак”, - деди ал.

Мындан тышкары, ал аскерге чакырылгандардын арасындагы жүрөк-кан тамыр оорулары барлар медициналык кароодон көбүнчө баш тартышарын айтты. “Армияга барууга мүмкүн болбогон көптөгөн оорулар бар, мисалы, кургак учук, колу же бутунун жоктугу, сокурдук, кулак угуусу начарлар жана башкалар. Болжол менен 1-2 градус жалпак таман, эгерде артроз болбосо, анда армияда кызмат кыла алат. Ошондой эле, Ички аскерлердин бою кеминде 160 см, ал эми Улуттук гвардияныкы 180 см ден кем эмес жана салмагы 65 кг кем эмес болушу керек”, - деди полковник.

Пикир

Оставить комментарий