• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн адистер коронавирустан үй шартында кантип дарылануу керектиги тууралуу кеңеш беришет

Коом 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Онлайн университети платформасы бүгүн, 4-июль күнү саат 13:00дө “COVID 19: адистердин кеңеши” аттуу вебинар өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда Кыргызстанда, Россияда жана Германияда жашаган мекендештерибиз: дарыгерлер, адистер COVID-19 оорусунан үй шартында кантип дарылануу керектиги тууралуу кеңештерин беришип, пайдалуу маалыматтар менен бөлүшмөкчү.

Вебинардын спикерлери Жанат Бектуров – медицина илимдеринин кандидаты. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында иштеген 20 жылдык тажрыйбасы бар, 2011-жылдан бери Германиянын Минден шаарындагы университеттик клиникада врач хирург болуп иштейт.

Канат Ишенбек Түркиянын Техникалык университетинде бакалавр даражасын, Германиянын Байройт университетинде магистратура, жана докторантура даражасын алган жана илимий изилдөө жасаган, Деггендорф Техникалык институтунун да илимий изилдөөчүсү. Герресхаймер Медикал Системсте инженер болуп иштейт.

Жанара Сулайманова – Н.И.Пирогов атындагы “Россиялык улуттук изилдөө медициналык университетинин” Федералдык мамлекеттик автономдук жогорку билим берүү мекемесине караштуу Россиянын балдар клиникалык ооруканасынын анестезиолог-реаниматологу. Гүлмира Жамилова – Кыргызстандык врач-терапевт, невролог, жогорку даражадагы дарыгер.

Вебинардын шилтемеси, конференциянын идентификатору: 984 1178 1107, паролу: 906907

Пикир

Оставить комментарий