• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкек – Ош жолунда кар көчкү мажбурлап түшүрүлөт. Маал-маалы менен чектөө киргизилип турат

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Бишкек – Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагындагы тилкесинде кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иши жүргүзүлөт.

ӨКМдин билдиришкендей, кар көчкү Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрликтеринин кызматкерлери тарабынан түшүрүлмөкчү.

Буга байланыштуу Бишкек - Ош унаа жолунда маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.

ӨКМ мындан улам жарандарды абалды туура түшүнүү менен кабыл алууну жана сак болууга чакырат.

“Унаа жолдогу абалды билүү үчүн жана кырсык катталганда "112" номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий