• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун маданият күндөрү башталат

Маданият 0

Бишкек, 11.06.23./Кабар/. 12-13-июнда Бишкек шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданият күндөрүнүн программасына ылайык, 12-июнда саат 14:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү, 15:00до А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Түрксой" эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү өтүп, бир катар инсандарга уюмдун сыйлыктары тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий