• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн дагы 71 адамдан COVID-19 аныкталды. Жалпы 44 миң 684 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 10-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 71 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 684 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 15
  • Ош – 1
  • Чүй облусу – 4
  • Ош облусу - 5
  • Талас облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 15
  • Баткен облусу - 19

Пикир

Оставить комментарий