• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Бишкек шаарынын аймагында 117 пост коюлду - Орозалиев

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын аймагында 117 пост коюлду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Алардын ичинен шаардын кире бериш жерлеринде 15 чоң пост, 26 санитардык-карантиндик пост жана 76 кичине блокпост коюлду", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең мененки саат 07:00гө чейин шаарда коменданттык саатты бузган 146 жаран кармалган. Алардын ичинде 13 аял, 133 эркек, ошондой эле 1 чет элдик жаран бар.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий