• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн эл артисти Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-августта, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, Кыргыз Улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын актрисасы Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, маркумду узатуу иш-чарасы саат 09:00дө Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында өтөт.

Эске сала кетсек, Искра Райымкулова 2021-жылдын 8-августунда 84 жаш курагында дүйнө салды.

Пикир

Оставить комментарий