• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн ӨКМде кезектеги аппараттык кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кезектеги аппараттык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев тиешелүү башкармалыктын башчыларына сел, суу ташкындарын алдын алуу, өрт коопсуздугу, коопту аймактагы жашап жаткан калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү талабын койду.

“Өлкө аймагында сел, суу ташкыны, жер көчкү жана башка табигый кырсыктарын алдын алуу боюнча атайын иш-пландар түзүлүп, өз убагында коргоо жумуштары жүргүзүлсүн. Күч-аракеттер даярдыкка келтирилип, табигый кырсыктарды алдын алууда “Атайын алдын жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасы жүргүзүлсүн”, - деп белгиледи министр Бообек Ажикеев.

Аппараттык кеңешменин жүрүшүндө тиешелүү түзүмдүк жана аймактык башчыларына жаз мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, болуп кетүүчү чукул кардаалдарга министрликтин күч, каражаттарынын даярдыгы талкууланды.

“Жарандарыбыздын өмүрүн жана мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүлүп, көзөмөлгө алуу керек”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий