• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикистандын чек арасында 1-мартта саат 09:09да очогунда күчү 4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер силкинүү Ынтымак, Таш-Кыя, Пульгон айылдарында 4 баллга жакын, Кадамжай шаарчасында, Шуран, Жийделик, Алга, Котур-Булак, Кара-Дөбө, Маркас, Кара-Жыгач, Кызыл-Булак, Кулду, Орозбеков, Советское айылдарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3 баллга жакын сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий