• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00 дөн 17:00 гө чейин Ворошилов, Султанов, Мусаев, Аманов, Мадаминов жана Жеңи-Жок № 50, 52, 54, 56 көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Жалал-Абад мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий