• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүндөн тарта “Кең-Булуң” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү жайлары ишин жандантты

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Чүй облусунун кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Кең-Булун-авто жол” жана “Токмок-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 17-январынан баштап жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүп баштады. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-январы саат 10.00 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында кырдаал туруктуу.

2022-жылдын 17-январы саат 10.00 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагынан жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр:

- Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол”, “Ак-Жол авто жол”, “Токмок-авто жол” жана “Чоң-Капка авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.

Кыргызстандын “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.

Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол” жана “Чоң-Капка авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

Бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана Кыргызстандын “Кең-Булун-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстандан Казакстандын аймагына чыга алышат.

Өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

КР УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий