• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сырттан алына турган каржылык жардамдын көлөмү $742,9 млн түзөт - Каржы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата сырттан алына турган каржылык жардамдын көлөмү 742,9 млн долларды түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдылда тегин Суеркул билдирди.

Анын айтымында, учурда ал каражаттын 333,3 млн доллары өлкөгө келген.

"Дагы 409,6 млн доллар келери күтүлүүдө", - деди ал.

Ал белгилегендей, эл аралык донорлордон үч багыт боюнча каражат тартылып келүүдө: бюджетти колдоо үчүн, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо.

Пикир

Оставить комментарий