• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баатыр эненин урматына “Кыргызстан-Россия” телекөпүрөсү өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы РФ Тергөө комитети менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоодо калган Ленинград шаарынан эвакуацияланып келген 150 баланы камкордукка алып өстүргөн, Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылынан чыккан чыгаан инсан Токтогон Алтыбасарованын жаркын элесине арналган "Кыргызстан-Россия" телекөпүрөсүн өткөрдү. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР башкы прокурору Курманкул Зулушев, РФ Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин, 1942-жылы Ленинграддан эвакуацияланган Токтогон Алтыбасарованын тарбиялануучусу Валентина Ашегулова, Кадет корпусунун курсанттары жана РФ Тергөө комитетинин Академиясынын студенттери, ошондой эле Алтыбасарованын балдары жана неберелери катышты.

Башкы прокурор өзүнүн сөзүндө Кыргызтандын фашизмди жеңүүдө кошкон зор салымын, фронттун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өлкөнүн ресурстарын мобилизациялоо үчүн бардык чараларды көргөндүгүн белгилеп өттү. Ошондой эле Зулушев эвакуацияланган балдарды ачкачылыктан сактап калган мекендешибиз Токтогон Алтыбасарованын баатырдык ролу өзгөчө экендигине токтолду.

Өз кезегинде Тергөө комитетинин төрагасы Бастрыкин КР Башкы прокуратурасынын жетекчилигине, ошондой эле “Токтогон Алтыбасарова” коомдук фондуна Токтогон Алтыбасарованын жаркын элесин сактап калганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, анын иш-аракети жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоонун ачык мисалы болушу керектигин баса белгиледи.

Телекөпүрөнүн жүрүшүндө Т.Алтыбасарованын балдары, неберелери жана анын тарбиялануучусу болгон В.Ашегулова баатыр эненин башынан кечирген согуштун катаал мезгилдери тууралуу эскерүүлөрүн айтышты.

Пикир

Оставить комментарий