• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Байге фонду 1 млн сом. Кыргызстанда оркестр коллективдеринин сынагы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын концерттик залында алгачкы жолу оркестр коллективдеринин республикалык сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, иш-чаранын расмий бөлүгү 6-майда маданият министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда ачылган.

Министр өз сөзүндө Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу республика боюнча оркестр коллективдери арасында мындай сынак жарыяланып жаткандыгын айтып, бул саамалык жыл сайын өтүүчү долбоор катары сакталып кала тургандыгын белгиледи.

Учурда аталган сынакка 16 оркестр коллективи катышууда. Жеңүүчүлөрдү тандап алуу үчүн алдыңкы маэстролордун курамынан түзүлгөн калыстар тобу иштеп жатат.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү бүгүн, 7-майда, Улуттук тарых музейинин алдында гала концерт менен жыйынтыкталат.

Эске салсак, аталган сынак Маданият министрлиги тарабынан жарыяланып, аймактардан мыкты оркестр коллективдерин алып чыгуу жана өнөр адамдарына шык берүү максатында иштелип чыккан.

Сынактын байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий