• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19 боюнча соңку маалыматтар. Жаңы учур жана каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 7-майга карата коронавирустун жаңы учуру жана оорудан сакайгандар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, республика боюнча амбулатордук дарыланууда 4 адам бар.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий