• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте алгачкы жолу оркестр коллективдеринин гала–концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-майда, кечки саат 18:00дө Улуттук тарых музейинин алдында алгачкы жолу оркестр коллективдеринин катышуусунда гала–концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Маданият министрлиги тарабынан уюштурулган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, байгелер тапшырылат.

Иш-чара мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусунда өтүп, өлкө боюнча катышып жаткан 16 оркестр коллективдеринин мыкты чыгармалары тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий