• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте адам уурдоого шектелип эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Бишкекте адам уурдоого шектелип эки жигит кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 5-майында болжол менен саат 14:40тар чамасында 22 жаштагы А.А., аттуу жаран жардам сурап милицияга кайрылган.

"4-майда болжол менен саат 18:00дө арыз ээсин чала тааныш болгон 8-9 бала Байтик баатыр көчөсүнөн BMW үлгүсүндөгү автоунаага салып, 5-май, саат 14:00гө чейин үйдө кармап, коркутуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү делген 27 жаштагы П.А., жана 26 жаштагы Ж.А., аттуу жарандарды кармап, Биринчи май райондук ИИБсинин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

undefined

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий