• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Журналист Нарын Айыптын соту 30-июнга жылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29-июнь /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда Гүльчехра Оморованын судьялыгы астында журналист Нарын Айыптын иши боюнча сот процесси болду.

Эскерте кетсек, Башкы прокурор Индира Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоо максатында журналисттин үстүнөн арызданган. Арыз 2015-жылдын 22- октябрында жарык көргөн статьяга байланышкан. Анда учурдагы президент кантип миллионер болгону жөнүндө жазылган.

Айыпталуучу жак бүгүнкү отурумду башка күнгө жылдырууну суранды. Муну алар эки тарап процесске даяр болбогону менен түшүндүрдү. Өз кезегинде сот айыпталуучу тараптын бул өтүнүчүн канааттандырган жок.

Андан соң айыпталуучу жак президенттин кадыр-баркына шек келтирди деген макалага тиешелүү адистерди чакырып экспертиза жүргүзүүнү өтүндү.

Буга мамлекеттик айыптоочу каршы чыгып, эксперттердин бүтүмү бар экенин ал 6 барактан тураарын, экспертиза жаңы эч нерсе кошумчалай албай турганын билдирди.

Судья бул суроону 30-июнда өтө турган процесске чейин ачык бойдон калтырды.

Пикир

Оставить комментарий