• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүндө адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.12.22./Кабар/. Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайк, 28-ноябрда Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы эски бала бакчанын ичинен О.Г. аттуу жарандын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 50 жаштагы Л.Р. аттуу жаран кармалып, ага карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Ал эми анын шериги 39 жаштагы О.Н. аттуу жарандын жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.

23-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан О.Н. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий