• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан гранттык жардамдын негизинде Кытай жана Россиядан 140 өрт өчүрүүчү унаа алат

Коом 0

Бишкек, 26.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан гранттык жардамдын негизинде Кытай жана Россиядан 140 даана өрт өчүрүүчү унаа алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

“Кытайдан гранттык жардамдын негизинде 100гө жакын өрт өчүрүүчү унаа алмакпыз. Бүгүнкү күндө 85и келип, корообузга кирди. Бизде көптөн бери автошаты (АКП-50) көйгөй болуп келген. Дагы келе турган 15 унаанын ичинен шатысы 50 метрлик болгон үч өрт өчүрүүчү унаа келе жатат. Мындан сырткары, алардын ичинен 10у авариялык-куткаруучу иштерге колдонулат. Ал керектүү жабдыктар менен жабдылган. Кытайдын унааларында алты киши отура турган болсо алардын кийим-кечеси, түтүндөн коргоочу беткабы менен келди”, - дейт ал.

Шамырканов ошондой эле гранттык көмөктүн алкагында Россиядан дагы кошумча 40 даана өрт өчүрүүчү унаа каралганын айтып, анын 10у кампага киргенин белгиледи.

“2023-жылдын февраль айында толук келип бүтөт”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий