• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкордо "Хан" каймана аттуу жаран УКТ мүчөлүгүнөн баш тартты – видео

Коом 0


Бишкек, 26.12.22./Кабар/. Кочкор районунда "Хан" каймана аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК органдары тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо "положенец" катары "Хан" каймана аты менен белгилүү болгон Чигентаев Алмаз Курманбекович, 1988 ж.т., Кочкор районунун тургуну, коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айтты.

Ошону менен бирге, мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды.

Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар:

КР УКМК Нарын облусу боюнча Башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05;

КР УКМК Кочкор райондук бөлүмү: 03535-50-386; 0507 88-23-88.

Пикир

Оставить комментарий