• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Сыдыков Улуттук энергохолдингдин башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКтын жамаатына башкармалыкка жаңы дайындалган төрага Бакыт Сыдыковду тааныштырды. Бул тууралуу компаниянын басма cөз кызматы билдирди.

Министр К.Турдубаев Сыдыков энергетика тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ экенин жана тармактын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошконун белгиледи.

“Азыркы учурда энергетика тармагы оор абалга кептелди. Ошондуктан, абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алуу зарыл. Мындай талап президент Садыр Жапаров тарабынан коюлду. Улуттук энергетикалык холдинг энергетика тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү звеносу болушу керек”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий