• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балбак Түлөбаев маршрутканын айдоочулары менен жолугушту. Эмне талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жакынкы аралыкта Экономика министрлигине жол кире акысын жогорулатуу боюнча кат жиберет.

Түлөбаев журналисттерге билдиргендей, маршрутканын айдоочулары менен жолугушууда эки тарап тең жол кире акысынын көтөрүлүшү боюнча бир чечимге келишкен.

"Учурда жол киренин акысын 15 сомго жогорулатууга токтолдук. Экономика министрлигине кат жиберебиз. Ошондой эле аталган маселени карай турган жумушчу топ түзүлөт. Жумушчу топ өзүнүн отчетун бергенден кийин жол киренин акысын жогорулатуу маселеси шаардык кеңештин күн тартибине коюлат", - дейт ал.

Мэрдин м.а. белгилегендей, аталган маселени чечүүгө 3 ай кетет.

Пикир

Оставить комментарий