• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калык Акиев көчөсү 22-сентябрга чейин убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 26-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 27-июлда Калык Акиев көчөсү, Токтогулдан Киев көчөсүнө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салуу, жылуулук системасында жургүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу. Түзүлгөн планга ылайык, аталган көчөлөр 22-сентябрда ачылат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн жарандардан жана айдоочулардан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий