• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биз пандемия убагында азыркы Конституциянын алсыз экенин көрдүк – Турат Акимов

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. “Биз азыркы Конституциянын алсыздыгын пандемия убагында билдик”, - деди саясат таануучу Турат Акимов “Конституциянын жаңы редакциясын талкуулоо: мамлекеттин Баш мыйзамына карата жаңы көз караш” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө.

“Биз кичине болсо дагы конституциялык реформадан өтүшүбүз керек. Ал эми эски Конституцияны кармансак өлкөдө жумушсуздук, жакырчылык, эл менен бийликтин ортосундагы ажырым, каатчылык көбөйүп, барын өзүнө сиңирип алат. Керек болсо пандемия учурунда азыркы Конституциянын алсыз экенин көрдүк. Бардыгы ооруп, эл кырылып жатканда Конституциябыз эмне кылды? Депутаттар жоголуп кетишти, качып кетти десек да болот. Бизде парламенттик башкаруу болгондон кийин ошол депутаттар башында туруп, бардык көйгөйдү чечиши керек эле”, - деди Акимов.

Саясат таануучу бир партиялуулук идеясын колдой турганын айтып, жаңы Конституция менен өлкөдө өнүгүүгө алып келген оң өзгөрүүлөр болот деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий