• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Бишкекте 27-28-январь күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Жарманке Киев – Раззаков – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр төмөнкү байланыш номери аркылуу кайрылса болот: 0555 34 60 60.

Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий