• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-молдова ТИМдер аралык консультациясы өттү

Саясат 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Бишкекте кыргыз-молдова ТИМ өкүлдөрү өз ара консультация жүргүздү деп билдирет ТИМ басма сөз кызматы.

Тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев жана Молдованын тышкы иштер министринин орун басары Лилиан Дарий эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн абалы, ошондой эле, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышты.

Соода-экономикалык, транспорт-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы байланыштарды бекемдөө суроолору каралды.

Мындан тышкары тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында ошол эле учурда Евразестин алкагында кызматташууну талкуулашты.

Жолугушууда эки өлкөнүн ТИМ өкүлдөрү ар кандай деңгээлдеги конультацияларды жүргүзүп туруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий