• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Турак жайлар мамлекетке кайтарылып, 600 млн сомдук зыяндын орду толтурулду

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Турак жайлар мамлекетке кайтарылып, жалпы суммасы 593,9 млн сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик жана муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш алып барууда. Бул иштердин жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен биргеликте жер участокторун пайдаланууга мыйзамсыз берүү жана ижарачылар тарабынан жерди пайдалануу шарттарын сактабоо фактылары аныкталып, аларга карата бир катар кылмыш иштери козголгон.

Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан "И.М.С." ЖЧКсына жана А.Э.Т. аттуу жаранына убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкелери берилгени аныкталды.

Жер участогун берүү шарттарына ылайык, аталган компания берилген аймакты көп кабаттуу үйлөр менен өздөштүрүшү керек болчу жана негизги шарттардын бири курулган батирлердин 10% муниципалдык менчикке берүү болгон. Бирок бул шарттар аткарылган эмес.

Белгилей кетсек, мэрияга алынган батирлер социалдык маселелерди чечүүгө жана өзгөчө муктаж болгон калктын аялуу катмарын турак-жай менен камсыз кылууга жумшалышы керек болчу.

Көрүлгөн чараларды, жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак эмес жайлар муниципалдык менчикке өткөн 505 миллион сом суммасында жана 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылган. Толтурулган зыяндын жалпы суммасы 593,9 млн сомду түздү.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий