• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире акысын 20 сомго көтөрүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңеши 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документке ылайык, коомдук транспортто (троллейбус, автобус жана маршруткада) жол кире баасын 20 сомго көтөрүү пландалууда.

Белгиленгендей, аталган чаралар жүргүнчү транспортунун туруктуу ишин камсыздоо, борбор калаанын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз ташуу, муниципалдык жүргүнчүлөр транспорттук ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, аларга кызмат көрсөтүүдө бааны жөнгө салуу максатында көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий