• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак берди

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Россия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине МИ-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак берди. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров кесиптеши Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында ӨКМге Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып, ал Бишкекке келип конду.

"Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, 2 жамбашында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат", - деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий