• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Нурланбек Шакиев жумушчу сапары менен Нарын облусуна барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Бул утуралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач төрага Кочкор районуна караштуу Орток айылында жайгашкан А.Жалпетеков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Алсак, 360 орунга ылайыкталып курулган бул мектеп 1991-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы тапта 275 окуучу билим алат. Окуу имаратындагы негизги көйгөй жылытуу системасынын начардыгы. Анткени, мындан 18 жыл мурун орнотулган электроконвекторлор эскирип, жарымы жараксыз абалга келген. Натыйжада өткөн кышта класстар муздак болгондуктан, кошумча жылытуучу жабдууларды колдонууга мажбур болушкан. Тиешелүү мекемелерге кайрылуулар жазылып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) 4 млн 785 миң 367 сомдук долбоор киргизилген. Долбоордун алкагында жасалуучу жумуштар мерчемделип, жакынкы аралыкта тендер өтөрү күтүлүүдө.

Төрага Нурланбек Шакиев окуучулар үшүбөй, жылуу класстарда билим алышы керектигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге оңдоп-түзөө иштерин тез арада бүткөрүү талабын койду.

Ошондой эле калк турмушу үчүн өтө маанилүү болгон билим берүү, саламаттыкты сактоо жаан улуттук коопсуздук өңдүү тармактарга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Төрага: “Акыркы эки жылда жаңы мектептер, бала бакчалар жана ооруканалар арбын салынып, мурда курулушу башталып бирок бүткөрүлбөй келе жаткан имараттар да ишке берилүүдө. Бул албетте чек эмес. Келерки жылдын бюджети 657 млрд сомдун чегинде бекитилүүдө. Андыктан, туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын жана коррупцияга каршы көрүлүп жаткан кескин чаралардын натыйжасында мындан ары да көп иштер жасалат”, – деди.

Муну менен катар Нурланбек Шакиев мыйзамсыз аракеттерди жасап, криманалдык иштер менен алектенген кылмыштуу топторго каршы аёсуз күрөш башталганын белгилеп: “Мыйзамга жана укук үстөмдүгүнө баш ийген, адам укугу корголгон коомдо гана өнүгүү болот. Ага ылайык, “каралар” жана “каралар дүйнөсү” түшүнүктөрү мамлекетибизде болбошу керек. Ошондо гана биз чет өлкөлүк инвесторлордун жана өзүбүздүн ишкерлердин эркин иштөөсүнө өбөлгө түзүп, экономикалык өнүгүүнү камсыздай алабыз”, – деп кошумчалады.

Жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн баарлашууда бала бакча маселеси курч экени айтылды. Төрага калктын талабын эске алып, кийинки жылы жаңы бала бакча куруу маселесин карап чыгууну тиешелүү жетекчилерге табыштады.

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Жылдыз Садырбаева, Мирлан Самыйкожо, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Таалайбек кызы, Кубанычбек Самаков, президенттин Нарын облусундагыөкүлү Алтынбек Эргешов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий