• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү. Сотмедэкспертизанын жыйынтыгы даяр – ИИББ

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Военно-Антановка айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу И.Якуниндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы даяр болуп, тергөөгө берилди.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындан мурда балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүнун себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган.

Мындан ары иликтөө үчүн материалдар Чүй облустук ИИББге берилген. Кечээ аталган иш боюнча сотмедэкспертзанын жыйынтыгы алынды.

Чүй облустук ИИББдин тергөө кызматы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ишти кайрадан кароо жүргүзүлгөн.

Учурда кылмыш ишине жашы жете элек күбөлөрдүн соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалары дайындалып, башка кошумча тергөө иш-чаралары пландаштырылууда.

Сотко чейин өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий