• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-июнунда болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, Исакеев көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада 1988-жылы туулган С.О аттуу жаран ооруканага кайрылган.

Аталган факт боюнча 29-июнда “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы А.И. аттуу айдоочусу кармалып, шаардык милициянын Тергөө кызматына жеткирилген.

Ал эми автоунаасы айып аянтчасына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий