• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Суу районунда сел жүрдү - видео

Коом 0


Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Кечээ, 13-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чогулган сел каналдарга батпай, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жерине Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, мотопомпа жана башка атайын шаймандар менен сууларды сордуруп тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Челпек айыл өкмөтүнөн 1 даана МТЗ-82 экскаватору тартылып, каналдардын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий