• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ашхабадда ЕККУ башкы катчысы менен БА өлкөлөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоо министрлери жолугушту

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Ашхабадда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоо министрлеринин жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинин көмөгү менен өткөн жолугушууга Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев катышты.

Жогорку деңгээлдеги жолугушууда курчап турган чөйрөнү коргоо, аймактагы экологиялык коопсуздук, суу жана айыл чарба көйгөйлөрү, жашыл экономикага өтүү жана башка маселелер талкууланды.

Муну менен катар климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча координацияланган чараларды иштеп чыгуу, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана башка маселелер да каралды.

Пикир

Оставить комментарий