• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Англиянын банк тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев баштаган Кыргызстандын делегация иш сапары менен Лондон шаарына (Улуу Британия) барды.

Улуттук банктан билдиришкендей, иш сапардын алкагында Кубанычбек Бөкөнтаев англиялык кесиптеши Эндрю Бэйлин менен жолугушту.

Борбордук банктардын жетекчилери Улуу Британияда жана Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат маселелерин талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө инфляциянын пайда болгон факторлоруна жана жөнгө салуучу органдардын акча-кредит саясатынын келечектеги багыттарына карата күтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар пикир алмашып жана акча-кредит саясаты маселелери боюнча эки тараптуу өз ара иш жүргүзүүнү жана Улуттук банктын негизги иш багыттары боюнча техникалык кызматташууну андан ары күчөтүү тууралуу макулдашышты.

Иш сапардын алкагында Улуттук банктын делегациясы Англия Банкынын эксперттери менен кеңири жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө тараптар банк ишин жөнгө салуу, төлөм системаларын жана борбордук банктардын санарип валюталарын өнүктүрүү маселелерин жана ошондой эле монетардык чечимдерди кабыл алуу үчүн аналитикалык инструменттерди колдонуу тажрыйбасын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий