• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Ѳмүралиев Малатиянын Соода жана өнөр жай палатасынын президенти менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-15-январында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Малатия шаарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Малатия шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын президенти Огузхан Ата Садыкоглу менен жолугушуп, палатанын мүчѳлѳрүнѳ Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берди. Элчи иш адамдарын 2020-жылы боло турган кыргыз-түрк бизнес-форумуна чакырып, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Андан кийин Кубанычбек Ѳмүралиев Малатия шаарындагы текстиль, көтөрүү жабдууларды чыгарган бир нече компанияларга барды. Ошондой эле, ал Иненю Университетинин алдындагы «Текнокента» (технопарктын) иш-аракеттери менен таанышты.

Малатия провинциясындагы MÜSAİD филиалынын мүчѳлѳрү жана башчысы Мухаррем Пойраз менен болгон жолугушууда, Кубанычбек Ѳмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, иш адамдарды кыргыз-түрк бизнес-форумуна чакырды. Тараптар кыргыз ишкерлери менен кызматташтыкты түзүү максатында, MÜSAİD 25 ишкерлеринен турган делегациянын элчиликтин жардамы менен Кыргызстанга келе тургандыгы боюнча макулдашышты.

Маалымат катары: MÜSİAD - 1990-жылы Стамбулда түзүлгөн Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлердин коому, жарандык уюм.

Пикир

Оставить комментарий