• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2019-жылы ИДП 4,0% прогноздук көрсөткүчтө 4,5% өскөн

Экономика 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. 2019-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция (ИДП) реалдуу түрдө 4,5 пайызга өстү (прогноздук көрсөткүч – 4,0 пайыз). ИДПнын өсүшү бардык секторлору тарабынан камсыз кылынды: өсүш курулушта байкалууда – 10,6 пайызга, айыл чарбасында – 2,6 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 2,9 пайызга, өнөр жайда – 6,9 пайызга.

ИДПнын номиналдык көлөмү 590 млрд сомду түздү. ИДПнын номиналдык көлөмүнүн прогноздук көрсөткүчүнө жетпей калгандын себеби ИДПнын дефлятору төмөн деңгээлде 99,2 % болгонуна байланыштуу болду.

Белгилеп кетсек, бул алдын ала маалыматтар, эреже катары тактоо учурунда бул маалыматтар өсүүгө тенденциясы бар. Мисалы, 2018-жылы маалыматтарды тактоодо, ИДП номиналдык көлөмдө 12,3 млрд сомго өстү, 2017-жылы – 9,5 млрд сомго.

Буга байланыштуу, ноябрь-декабрда маалыматтарды тактоодо ИДПнын номиналдык көлөмүнүн прогноздук көрсөткүчүн 600 млрд сом деңгээлинде аткаруу же ага жакын жетүү күтүлүүдө.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 278,6 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 21 млрд сомдон ашык өстү, бул өсүш металл рудаларын, негизги металлдарды, курулуш материалдарды, кийим, чийки мунайзат, жаратылыш газын жана көмүр казуу, ошондой эле тамак-аш продуктулар өндүрүшүнүн көбөйүшү менен шартталды.

2019-жылдын 11 айдын жыйынтыгы боюнча тышкы сооданын көлөмү 6,2 млрд АКШ долларын түздү. Импорт 6,6 пайызга азайды. Азаюу факторлорунун бири товарлардын реэкспортунун азайышы, мисалы кийим жана кийимге тиешелүү буюмдардын импорту 1,8 эсеге азайды, экспорт – 1,5 эсеге, ошол эле учурда кийим өндүрүшү 18 пайыздан ашык өстү, бул товарлардын реэкспортунун олуттуу азайышы, ошондой эле мамлекетте бул товарлардын айрым импортту алмаштыруу болгонун көрсөтүп турат. Өнөр жай тармагында башка товардык позициялар боюнча, текстиль, териден жасалган буюмдар, цемент жана башкалар боюнча бир кыйла импортту алмаштыруу байкалууда.

2019-жылдын 11 айдын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү 9,4 пайызга өстү. Бул өсүш алтындын, кымбат баалуу рудалардын жана концентраттардын, цементтин, керамика буюмдардын, жер семирткичтердин, жемиштер жана жаңгактардын, жашылчалар жана азык тамырлардын, эт жана эт продуктуларынын экспортунун өсүшү менен шартталды.

Жогорудагыларга байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 465 млн АКШ долларына азайды. Бул абдан позитивдүү көрсөткүч.

2019-жылдын 11-айдын жыйынтыгы боюнча акча которуулардын агымы дээрлик 2,2 млрд АКШ долларын түздү жана былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 287 млн АКШ долларына (же 11,6 пайызга) азайды. Бул негизинен 2019-жылдын апрелинен тарта Россия Федерациясында киргизилген акча которууга чектөөгө (акча которууда айына 100 миң рублга чейин чектөө) байланыштуу.

Болжонгондой, акча которуулардын агымы иш жүзүндө азайган жок, чектөө киргизилгенине байланыштуу, жеке адамдардын акча которууларынын айрым бөлүгү акча которуу системасынан сырткары жөнөтүлөт. Ошону менен бирге жарандарыбызга жардам берүү максатында бул чектөөнү 2019-жылдын декабрында 150 миң рублга чейин көтөрүү маселеси иштеп чыкты.

2019-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз инвестициялардын келиши 576,8 млн АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 67 пайыздан ашык көбөйгөн. Бул олуттуу өсүш, негизинен, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (геологиялык чалгындоо) чөйрөсүндө 3,3 эсеге, ошондой эле иштетүү өндүрүш ишканаларына 2,3 эсеге жана башка секторлорго чет өлкөлүк түз инвестициялардын келген агымынын көбөйүшүнүн эсебинен камсыз кылынган.

Агылып кетүүсүнө караганда келүү деңгээли 63,3 млн АКШ доллардан жогору болду (2018-жылдын январь-сентябрында - 16,8 млн АКШ долларына).

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын жалпы көлөмүнүн чоң салыштырма салмагы Жалалабад облусунун ишканаларына келген – 40 пайыздан ашык, Бишкек шаарына – 28 пайызга жакын, Ысык-Көл облусунун – 20 пайызга жакын, ошондой эле Чүй облусунун – 12 пайызга жакын. 2019-жылдын январь-сентябрында түз чет элдик инвестициялардын агылып кетүүсү 513,5 млн АКШ долларын түзгөн. Белгилеп кетүү керек, инвестициялардын агылып кетүүсү жөнүндө сөз кылганда массалык маалымат каражаттарда көп убакытта ушул процесске терс маани берилет, бирок бул чет элдик инвестициялардын эсебинен ишке ашырылган инвестициялык долбоорлордун нормалдуу жашоо циклинин бир бөлүгү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий