• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-түркмөн соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Довлетгелди Реджепов менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, атап айтканда, өлкөлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Мадмаров эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүн белгилеп, биргелешкен аракеттер менен товардык номенклатураны жана эки тараптуу кызматташуунун форматтарын кеңейтүү, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн активдештирүү, жана анын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге, элчи маектешинин көңүлүн ар кыл тармактын өкүлдөрү кирген Кыргызстандын ишкерлери үчүн жакынкы арада Түркмөнстанга пландаштырылып жаткан бизнес-миссиясына буруп, бул маанилүү иш-чараны өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча биргелешкен активдүү иштерди жүргүзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, Реджепов биргелешкен ишти активдештирүүгө кызыкдар экенин ырастап, бул багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле пландаштырылып жаткан бизнес-миссиянын алкагында Кыргызстан жана Түркмөнстандын ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушууларын өткөрүүгө зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү илгерилетүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды колдоого даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий