• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балдарды үйүндө окуткан Баткендеги мугалимге министр ноутбук алып берди

Коом 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимовага өз айлык акысынан ноутбук белек кылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мугалимге ноутбукту бүгүн, 10-сентябрда Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырды. Өз учурунда педагог белек үчүн министрге ыраазычылыгын билдирген.

Эске сала кетсек, мындан эки күн мурда интернетте окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тараган. Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими ата-энелердин суранычы менен кайтарым байланыш каражаттарын окуучуларга түшүндүрүп берүү үчүн үйүнө чакырган. Сабак 15 мүнөткө созулуп, андан бери Миргүл Эшимова кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө.

"Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий