• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчы шаарынын аймагында чоң тойканалардын иши убактылуу токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-июль күнү Балыкчы шаарынын мэриясында шаар аймагында коронавирус инфекциясын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет..

Маалыматка ылайык, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалдын күчөшүнө байланыштуу, 2021-жылдын 5-июлунан тарта шаар аймагында маданий-массалык, спорт жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди.

"Санитардык эрежелерди сактоо менен гана ачык асман астында 150 адамга чейин иш-чараларды өткөрүүгө болот", - деп кошумчалашты Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Жабык имараттарда ар түрдүү жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынып, шаар аймагында чоң тойканалардын иши убактылуу токтотулуу боюнча чечим кабыл алынды.

"Калкка кызмат кылган баардык мекеме, ишканаларынын жетекчилерине (банктар, чач тарач, соода-сатык түйүндөрү, базар, супермаркеттер, автозаправкалар ж.б. менчигинин түрүнө карабастан) эскертүүлөр берилсин. Ошондой эле тойканалардын, ашканалардын, тамактануучу жайлардын жетекчилери жана мечиттердин имамдары менен жолугушуп, санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий