• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчыда көп балалуу энелер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда Балыкчы шаарында “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен көп балалуу энелер сыйланды. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Балыкчыда “Баатыр эне” ордени 10 энеге жана “Эне даңкы” медалы 6 энеге тапшырылды.

Балыкчы шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында энелерди куттуктап министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова, Балыкчы шаарынын жаңы шайланган мэри Аманат Сыдыков жана шаардык кеңештин төрагасы Жакшылык Абдразаков сөз сүйлөп, апаларга бекем ден соолук, узун өмүр каалап, мындан ары да кыргыздын санын көбөйткөн энелер көп болсун деген тилектерин айтышып, орден, медалдарды тагышты.

Энелер өз кезегинде ыраазычылыктарын билдиришип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иштерине ийгиликтерди каалашты.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 12-майында өлкө аймагындагы көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий