• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балыкчыда сууга чөккөн балдарды куткарган милиционер "Каармандык" медалы менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 15.01.24./Кабар/. Балыкчы шаарында муз алдына түшүп кеткен балдарды куткарып калган ммилиционер Амантур Бакиров Ички иштер министрлигинин "Каармандык" медалы менен сыйланды.

Ведомстводон билдиришкендей, медаль ички иштер министри Улан Ниязбековдун Амантур Бакировду сыйлоо тууралуу буйругуна ылайык тапшырылды.

Сыйлыкты алуу үчүн Амантур Бакиров атасынын ИИМдин ардагери отставкадагы милициянын подполковниги Давлетбаев Кермакун агабыздын коштоосунда келди.

Сыйлыкты министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырып, Амантурга чың ден-соолук, иштерине ийгилик, жумушунда эң бийик жетишкендиктерге жетүүнү каалады.

"Сиздин атаңыз күбө, он жылдан ашык тажрыйбасы бар кызматкерлер татыктуу болуп, ушундай сыйлыктын ээси болушчу. Бирок сиз жаштыгыңызга карабай, жан аябас каармандык менен болгон ишиңиз үчүн бул сыйлыкка татыктуусуз", - деди ал.

Эске сала кетсек, кырсык 8-январда Балыкчы шаарында, муз каптаган көлмөдө болгон. 10 жана 12 жаштагы балдар көлмөдө муз тээп жатып, муздун астына сууга кирип кетишкен.

Окуя жөнүндө билдирүү Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын ыйгарымдуу өкүлү Амантур Бакиров кесиптештери менен биринчилерден болуп барышкан. Өзүн жип менен байлап, ал балдарга жетип, суудан алып чыгууга жетишкен.

Милициянын ыйгарымдуу өкүлү Амантур Бакировдун өз убагындагы, сабаттуу жана жан аябас иш-аракеттеринин аркасында кырдаал оңунан чечилген. Балдар жабыркаган эмес.

Белгилей кетсек, бул Амантур Бакировдун биринчи каармандык жан аябас аракети эмес, ал буга чейин да өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калган.

Пикир

Оставить комментарий