• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Банан, кофе, пальма майы... Гватемала Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Гватемаланын КРдагы элчиси Джайро Давид Эстрадо Барриос менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдрахманов Жаиро Давид Эстрадо Барриости жылуу кабыл алып, аны элчи кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Ал ошондой эле элчиге Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин позициясы тууралуу маалымат берип, бизнес өкүлдөрү жана КР министрликтеринин жана ведомстволорунун башка өкүлдөрү менен байланыштарды түзүүдө ар кандай жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Гватемаланын географиялык алыстыгына байланыштуу эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык жок экендигин, бирок жердин алыстыгына карабастан, өлкөлөр эки тараптуу соода мамилелерин өнүктүрүүнүн жолдорун таба аларын белгилешти.

Кыргызстан Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү менен эркин соода келишимине ээ жана ЕБге ЕБнин ЖПС+ (Жалпы преференциялар системасы) системасы берилген. Кыргыз Республикасы ЕБ рынокторуна 6 миңден ашык товардык позицияны алымсыз жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алды.

Өз кезегинде коммерциялык кеңешчи Стефане Гарсиа де Элбай Гватемала Республикасы негизинен банан, кофе, кумшекер, пальма майы, мөмө-жемиш жана жашылчаларды экспорттой турганын, Гватемала бул продукцияларды Кыргыз Республикасынын рыногуна экспорттоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий