• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы прокуратура "Ала-Тоо" аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.06.22. /Кабар/. Башкы прокуратура "Ала-Тоо" аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана "Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу" беренелери менен козголгон.

Андан тышкары, кырсыкка байланыштуу аквапарктын куткаруучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Иш жеке көзөмөлгө алынган.

Эске сала кетсек, 6-июнда №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу "Ала-Тоо" аквапаркындагы бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткен.

Аталган факты Октябрь райондук милициясында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127-чи (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 297-беренелеринин (Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-экспертиза дайындалды.

Билим берүү башкармалыгы "Ала-Тоо" аквапаркындагы окуя боюнча комиссия түзүп, анын курамына башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин, Бишкек шаарынын профсоюз комитетинин кызматкерлери жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кирди.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында аталган иш-чарага тартылган 6 башталгыч класстын мугалими жана завуч КРнын Эмгек кодексинин нормаларына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, комиссия тарабынан балдардын, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптарды сактабагандыгы жана көзөмөлдөбөгөндүгү жана функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн мектеп директоруна карата тартиптик жаза чараларын көрүүнү, анын ичинде ээлеген кызматтык ордунан бошотуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий