• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Чүйдө 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн мурун Чүй облустук милициясына 1996-жылы туулган А.М. аттуу кыз арыз менен кайрылып, анда күндүз Н. аттуу киши Ак-Суу айылындагы крипич заводуна күч менен чачынан сүйрөп барып зордуктагандыгын билдирген.

Аталган факт "Зордуктоо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 1985-жылы туулган М.Н.У. аттуу киши кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий