• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Башкы прокуратура: Жарандарды кабыл алуу улантылууда

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Жарандарды кабыл алуу улантылууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн дагы өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчунан жарандар көңүл түйшөлткөн көйгөйлөрүн башкы прокурорго жеке кабыл алуу учурунда жеткиришти.

Ошол эле маалда кайрылуу ээлеринин айрым суроолоруна дароо тийиштүү жооптор берилип жаралган маселени чечүү багыттары аныкталды.

Жарандар кабыл алуу ачык-айкын өткөндүгүн белгилеп, жаңы дайындалган башкы прокурор Зулушевден үмүт арттырарын билдиришти.

"Кайрылуулар менен иштөө прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналгандыктан жеке кабыл алуулар байма-бай жүргүзүлүп турмакчы", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий