• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» III Эл аралык Ысык-Көл форуму - фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Соронбай Жээнбеков бүгүн, бүгүн, 5-октябрда, түштөн кийин «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» Эл аралык Ысык-Көл форуму пленардык жыйындар форматында ишин улантты.

Форумда Россия Федерациясынын көркөм академиясынын вице-президенти Андрей Золотов, биринчи Ысык-Көл форумунун уюштуруучусу Рустем Хаиров, казак жазуучусу Олжас Сулейменов, Евразия жазуучулар бирикмесинин төрагасы Якуп Омар оглу, немец публицисти Ирмтрауд Гукче, казак жазуучусу Мухтар Шаханов жана философия илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков чыгып сө з сүйлөштү.

Форумдун ишинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келишкен жана кыргызстандык белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, культурологдор, филологдор катышууда.

Эске салсак, «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» Эл аралык Ысык-Көл форумун бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ачты.

6-7-октябрда форум өз ишин Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында улантат.

Пикир

Оставить комментарий